Министрлик ЖМКда «Санкт-Петербургда жүк ташуучу унаа айдаган Кыргызстандык сүзүп кеткендигине байланыштуу пенсионер каза болду» деген аталышта маалымат тараганы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.

1492

Министрлик ЖМКда «Санкт-Петербургда жүк ташуучу унаа айдаган Кыргызстандык сүзүп кеткендигине байланыштуу пенсионер каза болду» деген аталышта маалымат тараганы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы Кеңсесинин (Бөлүмүнүн) маалыматына ылайык, 2022-жылдын 7-июнунда Санкт-Петербург шаарындагы №59 үйүнүн жанында жайгашкан Жуковский көчөсүндө 1999-жылы туулган М.у.А. атуу Кыргызстандын жараны жүк ташуучу унааны артка айдап аткан учурда пенсионерди кокустуктан сүзүп кеткен, кийин ал ооруканада каза болгон.

Азыркы убакта Кыргызстандын жаранына карата РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесинин 3-бөлүгү (Жол кыймылынын жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу, байкабастыктан адамдын өлүмүнө алып келген) менен кылмыш иши козголду жана тергөө учурунда аны камакта кармоо баш коргоо чарасы тандалды. Тергөөнү РФнын ИИМнин Санкт-Петербург шаары жана Ленинград облусу боюнча башкы башкармалыгынын Тергөө башкы башкармалыгы жүргүзүүдө.

Бул маселе Санкт-Петербургдагы Элчиликтин канцеляриясынын Консулунун өзгөчө көзөмөлүндө турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK