2022-жылдын 17-июнунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Россиянын Элдердин достук университетинде (РУДН) өткөн «КМШ мейкиндигинде жаңы муундагы кызматташтыктын инновациялык көз карашы жана натыйжалуулугу» аттуу КМШнын тармактык университетинин жаштардын илимий-методикалык конференциясына катышты.

Форумга КМШга мүчө мамлекеттердин элчиликтеринин жана жогорку окуу жайларынын өкүлдөрү, КМШнын тармактык университетинде билим алып жаткан студенттер катышты.
Конференциянын алкагында ошондой эле КМШнын тармактык университетинин өзгөчөлөнгөн студенттерине, анын ичинде Кыргыз-Орус Славян университетинин 9 студентине, Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин 8 студентине жана КР Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын 1 студентине дипломдорду тапшыруу аземи болду.