Москвада көчөнүн отургучунда табылган кызды кыргызстандык аял 4 жылдан бери багып жүргөнү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалымат боюнча Элчилик төмөнкүдөй билдирет.

1283

Москвада көчөнүн отургучунда табылган кызды кыргызстандык аял 4 жылдан бери багып жүргөнү тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган маалымат боюнча Элчилик төмөнкүдөй билдирет.

2022-жылдын 16-июнунда Элчиликке жашы жете элек баланын документтерин тариздөө максатында Кыргыз Республикасынын жараны, 1974-жылы төрөлгөн, М.З. кайрылган.

Ошол эле учурда Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин жана ИИМдин өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери жагдайды тактоо учурунда жаран М.З. төрт жыл мурун үйдүн кире беришинен баланы таап алып жана баласыз болгондуктан, баланы багып алууну чечкендигин билдирген. Мыйзамдын талаптарын билбегендиктен полиция жана баланы коргоо боюнча кызматкерлерине кайрылган эмес.

Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык, ошондой эле баланын жана жарандын укуктук статусун аныктоо жана укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында Россия Федерациясынын укук коргоо органдарына кайрылууга чечим кабыл алынган.

Бул маселе Элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө турат. Ал эми Кыргыз Республикасынын М.З. жаранына зарыл юридикалык жардам көрсөтүлөт, ошондой эле балага анын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандык экендигин аныктоо иштери жүргүзүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK