Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Александр Новак отун-энергетика тармагындагы кызматташтыкты талкуулады
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Петербургдагы XXV эл аралык экономикалык форумуна катышуу алкагында Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Александр Новак менен жолугушту.
Жолугушууга Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун президенти Александр Шохин да катышты.
Акылбек Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы мунай-газ тармагындагы кызматташтык динамикалуу өнүгүп жаткандыгын жана энергетика тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.
Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басары Александр Новак өз кезегинде отун-энергетика тармагындагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө даяр экендигин билдирди.
Тараптар бир катар актуалдуу маселелерди талкуулашты.