Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги акыркы учурда социалдык тармактарда жеке адамдардын же фейк аккаунттар аркылуу катталган колдонуучулар тарабынан консулдук бөлүмдүн кызматкерлерине карата негизсиз айыптоолорду жана инсинуацияларды камтыган такталбаган комментарийлер/билдирүүлөр көбөйгөндүгүнө байланыштуу

1348

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги акыркы учурда социалдык тармактарда жеке адамдардын же фейк аккаунттар аркылуу катталган колдонуучулар тарабынан консулдук бөлүмдүн кызматкерлерине карата негизсиз айыптоолорду жана инсинуацияларды камтыган такталбаган комментарийлер/билдирүүлөр көбөйгөндүгүнө байланыштуу Консулдук бөлүмдө документтерди тариздөө же башка консулдук кызматтарды, консультацияларды жана юридикалык жардамдарды алууга муктаж болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын ортомчулук кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган адамдардан качуу менен түздөн-түз Элчиликтин консулдук бөлүмүнө кайрылууга чакырат.


Элчилик бардык консулдук кызматтар консулдук бөлүмдүн расмий кызматкерлери (консулдар, юристтер, референттер) тарабынан элчиликтин консулдук бөлүмүнүн имаратында мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн стандарттарына жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларына ылайык, консулдук тарифтер жана график боюнча түз дөн түз (ортомчусуз) көрсөтүлөрүн дагы бир жолу баса белгилейт. 


Кызматкерлердин мыйзамсыз аракеттери тууралуу социалдык тармактарда тараган жалган маалыматтарга ишенбөөнү жана ортомчулар аркылуу консулдук кызмат көрсөтүүлөр сунушталганы тууралуу маалымат болсо, тезинен Элчиликтин консулдук бөлүмүнө: +7(925)1155047 телефону аркылуу кабарлоону өтүнөбүз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK