Элчиликтин маалыматтык билдирүүсү

1088

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Москва шаарынын Зеленоград округунда адам өлтүрүү жана эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу фактысы боюнча төмөндөгүлөрдү билдирет.

2022-жылдын 26-августуна караган түнү Зеленоград административдик районунда жайгашкан кафелердин биринде эркектер ортосунда жаңжал чыгып, шектүү ок атуучу куралдан ок чыгарып, андан кийин дайынсыз жоголгон. Алынган жаракаттардан улам Кыргыз Республикасынын 1989-жылы туулган жараны Х.Х.И. жеринде каза болуп, дагы бир К.Р.М. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны медициналык мекемеге жаткырылып, керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө.

Россия Федерациясынын Тергөө комитетинин Москва шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын Зеленоград административдик округу боюнча тергөө бөлүмү тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин 2-бөлүгүнүн «а» пункттунда жана  1-бөлүктүн 105-берененин 3-бөлүгүнүн 30-беренесинде каралган кылмыштардын негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда кылмышка шектүү катары Россиянын 1984-жылы туулган К.П.Л. аттуу жараны кармалып, окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган комплекстүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Бул маселе Элчиликтин көзөмөлүндө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK