Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Саматтын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Э.Жамгырчиев менен жолугушуусу болду

908

2022-жылдын 29-августунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Саматтын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Э.Э.Жамгырчиев менен жолугушуусу болду. Анын жүрүшүндө кыргызстандыктарга тиешелүү актуалдуу маселелер талкууланып, алардын Россия Федерациясындагы укуктук абалына өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-сапардын жүрүшүндө депутат Э.Э.Жамгырчиев жарандарды кабыл алуу боюнча Элчиликтин консулдук бөлүмүнүн иши менен таанышып, Россия Федерациясынын аймагында эмгек ишмердүүлүгү менен алектенген Кыргыз Республикасынын жарандарынын өлкөдө жүрүү тартибине байланышкан учурдагы кырдаал тууралуу маалымат алды.

Иш-сапардын жыйынтыгында депутат Россия Федерациясындагы кыргыз диаспора уюмдарынын активисттерине ыраазычылык баракчаларын тапшырды.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK