Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Саматтын Евразия элдеринин ассамблеясынын Башкы катчысынын Биринчи орун басары С.К. Смирнова менен жолугушуусу болду
2022-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Саматтын Россиянын элдеринин ассамблея кеңешинин Төрагасы, Евразия элдеринин ассамблеясынын Башкы катчысынын Биринчи орун басары С.К. Смирнова менен кыргыз диаспора уюмдарынын жана бирикмелеринин жетекчилеринин жана активисттеринин катышуусунда жолугушуусу болуп өттү.
Бул жолугушуу өз ара кызматташуунун мындан аркы артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана Евразия элдеринин ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө максатында уюштурулду.
Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия элдеринин негизги руханий-адептик баалуулуктарын, маданий жана тарыхый мурастарын сактоого багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу боюнча макулдашууларга жетишилди.