2022-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин консулу М.М.Жолдошбеков Россия Федерациясынын Федералдык Жазаларды аткаруу кызматынын Жазаларды аткаруу жана атайын эсепке алуу департаментинин башчысы И.В.Вединяпин менен жолугушту.

1053

Консул М.М.Жолдошбеков Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында кылмыштуулукту алдын алуу боюнча профилактикалык иш-чараларды жүргүзүү жана Кыргыз Республикасынын соттолгон жарандарын Кыргыз Республикасынын аймагында жазасын андан ары өтөө үчүн которуу жол-жоболорун тездетүү зарылдыгына токтолду.

Өз кезегинде россия тарабы РФнын Жаза аткаруу федералдык кызматы анын аймактык бөлүмдөрү менен биргеликте кыргыз тарабы белгилеген маселелер боюнча максималдуу жардам көрсөтөрүнө ишендирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында Элчилик менен РФнын Жаза аткаруу федералдык кызматынын ортосундагы өз ара аракеттенүү тартиби макулдашылып, Кыргыз Республикасынын жарандары менен биргелешкен маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча келишимге жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK