Кыргыз-тажик чек арасында болгон окуянын фонунда Тажикстандын жарандары кыргызстандык кызды сабаганы тууралуу социалдык тармактарда жарыяланган маалыматка байланыштуу Элчилик бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирет.

979

Буга байланыштуу Элчилик жарандарды жалган жана чагымчыл маалыматтарды таратпоого чакырат жана дагы бир жолу Россия Федерациясындагы бардык мекендештерди сабырдуулукка жана чагымчылдыкка алдырбоого чакырат.

Ошону менен бирге, Элчилик жарандардын өмүрүнө жана ден-соолугуна кооптуу жагдайлар жаралган учурда тез арада келген өлкөнүн укук коргоо органдарына кайрылууну сунуштайт, ошондой эле жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо максатында Консулдук бөлүмгө мындай фактылар тууралуу тез арада билдирүүнү (8 925 115 50 47) өтүнөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK