Элчиликтин маалыматтык билдирүүсү

1260

2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусунун мамлекеттик чек арасынын кыргыз-тажик тилкесинде болгон куралдуу кагылыштын натыйжасында каза болгон Кыргыз Республикасынын жарандарын эскерүү үчүн 2022-жылдын 19-сентябры Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялангандыгына байланыштуу Элчиликке Россия Федерациясында аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, ошондой эле эл аралык уюмдардын жетекчилери жана өкүлдөрү көңүл айтуу үчүн келишти.

Ошондой эле көңүл айтуу каттары Элчиликтин электрондук дареги аркылуу да келип түштү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK