Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө

1224

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаров тарабынан кабыл алынган 2022-жылдын 15-августундагы №284 «Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө» Жарлыгына ылайык 2022-жылдын 25-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Элдик Курултайга катышууга делегаттарды шайлоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында, 2022-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинде рухий же башка материалдык эмес керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн алардын кызыкчылыктарынын жалпылыгына негизделген Россия Федерациясындагы  Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан белгиленген тартипте түзүлгөн коомдук уюмдардын делегаттыкка талапкерлеринин жалпы чогулушу болуп өттү.

Жалпы жыйындын жыйынтыгы менен катышуучулар делегаттарды шайлашты жана Элдик Курултайга катышуу үчүн резервдик курамды бекитти.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK