Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.К.Саматтын «Караван Экспо» Кыргызстандын өндүрүшчүлөрүнүн жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн көргөзмөсүнүн ачылышына катышуусу жөнүндө пресс-релиз

973

2022-жылдын 17-ноябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Самат Москва шаарында Кыргызстандын өндүрүшчүлөрүнүн жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн «Караван Экспо» көргөзмөсүнүн ачылыш аземине катышты.

Өз сөзүндө Элчи Г.-К.Самат Россия Кыргыз Республикасынын стратегиялык өнөктөшү болуп саналарына катышуучулардын көңүлүн буруп, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин оң динамикасын канааттануу менен белгиледи (2022-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу товар жүгүртүү 35%га өстү).

Ачылыш аземге, ошондой эле ЕЭК Министри А.О.Кожошев, Кыргызстандын КМШ Экономикалык Кеңешинин алдындагы Экономикалык маселелер боюнча комиссиядагы Ыйгарым укуктуу өкүлү А.М.Рыскулова, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү, Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

«Караван Экспо» көргөзмөсү 2022-жылдын 17,18,19-ноябрында Москва шаарындагы Өкмөт үйүнүн имаратында өтөт. «Караван Экспо» көргөзмөсүнө Кыргызстандан 40ка жакын компания, негизинен, Кыргыз Республикасынын тигүү жана текстиль тармагынын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чаранын уюштуруучулары болуп Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчлигинин көмөгү менен Компания Экспо Девелопмент, Бизнес-платформа «Табарман», Жалпы россиялык Кыргыз Конгресси, Соода-өнөр жай палатасынын КРнын РФдагы өкүлү (Москва ш.) саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK