2022-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Самат Москва шаарындагы Миграция боюнча Эл аралык уюмдун Бюросунун Директору М.Шрамм менен жолугушту

773

2022-жылдын 29-ноябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Самат Москва шаарындагы Миграция боюнча Эл аралык уюмдун Бюросунун Директору М.Шрамм менен жолугушту, анын жүрүшүндө Россия Федерациясынын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Тараптар кыргызстандыктардын аялуу категорияларына, атап айтканда, балдарга жана аялдарга зарыл жардам көрсөтүү, ошондой эле миграция чөйрөсүндөгү көйгөйлүү маселелерди азайтуу максатында биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга олуттуу көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого багытталган күч-аракеттерди мындан ары да консолидациялоо боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK