2022-жылдын 30-ноябрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К.Самат Москва өкмөтүнүн министри, Москванын Эл аралык жана тышкы экономикалык байланыштар департаментинин Жетекчиси С.Е.Черёмин менен жолугушту.

986

Достук маанайдагы жана конструктивдүү баарлашуунун жүрүшүндө 2023-жылы кыргыз элинин улуу жазуучусу, дүйнөлүк адабияттын классиги Ч.Т.Айтматовдун 95 жылдыгына карата, ошондой эле  анын чыгармаларын попоуляризациялоо максатында Элчилик тарабынан демилгеленген бир катар иш-чараларды биргелешип ишке ашыруу, ошондой эле Москва шаарында Кыргызстандын маданият күндөрүн уюштуруу боюнча макулдашууларга жетишилди.

Маектешкендер ошондой эле Бишкектеги «Москва үйү» маданий-ишкер борбору» уюмунун ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелерди талкуулашты жана көп кырдуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча тыгыз кызматташууну улантууга макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK