2022-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин катышуусунда «Бир адам – бир китеп» долбоорунун Москва шаарындагы Өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган «Кыргыз айымы» аялдар форуму болуп өттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар заманбап миграциялык процесстердин актуалдуу маселелерине, кыргыз аялдарынын жашоосунун руханий жана маданий аспектилерине, ошондой эле алардын заманбап коомдогу социалдык ролуна токтолушту.
«Бир адам – бир китеп» долбоорунун Москвадагы Өкүлчүлүгү 2022-жылдын январында ачылган жана ошондон бери Россия Федерациясында өз ишмердүүлүгүн активдүү өнүктүрүүдө. Долбоордун максаты - мекендештердин билим деңгээлин, сабаттуулугун жогорулатуу, руханий жана интеллектуалдык дараметин өнүктүрүү үчүн китеп окуунун мааниси тууралуу идеяларды жайылтуу.