2022-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гульнара-Клара Самат Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясы жана АНО «ЕАЭБ эл аралык укуктук кызматташтыгы борбору» тарабынан уюштурулган «Евразиялык интеграциялык процесс: азыркы учур жана келечек» эл аралык форумуна катышты.

740

Форум аянтчасы ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын, дипломатиялык корпусунун, ЕАЭБдин, КМШнын, коомдук бирикмелердин, укук, журналистика, ишкердик, гуманитардык жана социалдык чөйрөдөгү эксперттик жана илимий коомчулуктун өкүлдөрүн чогултту. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкектин жана Кыргызстан Савватий Орус православдык чиркөөсүнүн Епискобу катышты.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Элчи Г.-К. Самат 2022-жылы Кыргыз Республикасынын ЕАЭБ органдарындагы ийгиликтүү төрагалыгынын жыйынтыктарын кыскача айтып, ошондой эле эмгек ресурстарынын, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана капиталдын кыймылынын эркиндигин толук камсыздоо башкы максаты болуп саналган евразиялык интеграциянын бардык максаттарына жана милдеттерине жетишүү боюнча ишти мындан ары активдештирүү зарылдыгын белгиледи.

         Ошондой эле форумдун жүрүшүндө уюштуруучулар интеграциялык процесстерди укуктук коштоо, Биримдиктин укуктук базасын жана укук колдонуу практикасын кеңейтүү үчүн маанилүү көмөкчү звеного айлануу максатында иштелип чыккан Евразиялык юристтер ассоциациясын түзүү боюнча жаңы демилге көтөрүлгөнүн жарыялашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK