Элчиликтин 19-декабрдагы маалыматтык билдирүүсү
Мурдараак маалымдалгандай, 2021-жылдын 29-декабрына чейин Россия Федерациясына келген Кыргыз Республикасынын жарандары 2023-жылдын 10-январына чейин манжа изин мамлекеттик каттоодон, сүрөткө тартуудан жана медициналык текшерүүдөн өтүшү керек.
Ошону менен бирге, Элчилик 2023-жылдын 1-январынан 8-январына чейин Россия Федерациясында жумуш эмес майрам күндөрү деп жарыяланганын белгилейт. Буга байланыштуу Элчилик милдеттүү процедуралар өтө турган жерлерге барууну алардын иштөө графигин эске алуу менен алдын ала пландоону сунуштайт.