КРнын РФдагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн башчысы М.Жолдошбеков Казакстандын РФдагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн башчысы Н.Касымкулов менен жолугушту.

629

2023-жылдын 18-январында Казакстан Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн башчысы М.Жолдошбеков Казакстан Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулдук бөлүмүнүн башчысы Н.Касымкулов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу аспектилерин талкуулашты жана жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого өзгөчө көңүл буруу менен консулдук чөйрөдө дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн ишин уюштуруу, ошондой эле консулдук кызматтарды көрсөтүү боюнча функцияларды ишке ашыруу жаатында тажрыйба алмашышты.

Бул иш-чаранын жыйынтыгында тараптар консулдук чөйрөдө эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө өз ара даярдыгын билдиришти.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK