Элчиликтин 30-январдагы маалыматтык билдирүүсү

833

2023-жылдын 28-январында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Алиев, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) А.Абдрахматова, Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Н.Базарбаев, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы өкүлдөрү Кыргыз диаспора кеңеши тарабынан уюштурулган Диаспоралардын жыйынтыктоочу форумуна катышты.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын расмий өкүлдөрүнүн катышуусунун алкагында 2023-жылдын 29-январында Элчилик Россия Федерациясынын аймактарынан келген кыргыз диаспора уюмдарынын жана бирикмелеринин активисттери жана лидерлери менен өзүнчө жолугушуу уюштурду.

Жолугушууда катышуучулар актуалдуу миграциялык маселелер, Россиядагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук абалы, анын ичинде жүк-200 менен иштөө тартибин жөнөкөйлөтүү боюнча пикир алышты.

Россия Федерациясынын аймактарынан келген кыргыз диаспора уюмдарынын жана бирикмелеринин активисттерине жана жетекчилерине бардык кызыктырган маселелер боюнча маалымат жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Терс кесепеттерди жоюу үчүн келген мамлекеттин мыйзамдарынын бардык талаптарын сактоого көңүл бурулду.

Иш-чаранын соңунда Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын абалын жакшыртууга багытталган аракеттерди бириктирүү максатында, жыйындын катышуучулары Кыргыз Республикасынын кызмат адамдары менен диаспора уюмдарынын ортосундагы туура байланышты күчөтүүнү, ошондой эле мекендештер арасында түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү сунушташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK