Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчиси Гульнара-Клара Самат «Москва энергетикалык институтунун» илимий-изилдөө университетинин эмгек жамаатына «Даңк» медалын тапшырды

371

2023-жылдын 28-февралында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К. Самат «Даңк» медалын «Москва энергетикалык институту» (ИИУ «МЭИ») илимий-изилдөө университетинин жамаатына салтанаттуу түрдө тапшырды.

«Москва энергетикалык институту» илимий-изилдөө университети Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 20-декабрындагы №392 Жарлыгы менен «Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык жана интеллектуалдык потенциалын өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн» «Даңк» медалы менен сыйланды.

Азыркы учурда «Москва энергетикалык институту» илимий-изилдөө университети менен Кыргыз Республикасынын бир катар ЖОЖдорунун ортосунда инженердик адистерди окутуу жана даярдоо, адистердин жана окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба топтоодон өткөрүү, илимий ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана энергетика жана башка бул багыттагы тармактарда тажрыйба алмашуу боюнча активдүү кызматташуу уланууда. Университетте Кыргыз Республикасынан келген окутуучулар да кесиптик ишмердүүлүгүн ишке ашырып келет.

ЕЭК Коллегиясынын мүчөлөрү (Министрлер) А.О. Кожошев жана М.С. Мамытканов дагы Кыргыз Республикасынын атынан мамлекеттик сыйлыкты тапшыруу аземине катышты.

Маалымат үчүн: «Москва энергетикалык институту» илимий-изилдөө университети тарабынан билим берүү жана илимий ишмердүүлүк жылдарында Кыргыз Республикасынын энергетика тармагы үчүн жүздөгөн жогорку квалификациялуу адистер даярдалган, алар Советтик Кыргызстандын эц маанилуу курулуштарында иштешкен. Ал эми суверендуу Кыргызстанда: Нарын дарыясына гидроэлектростанция каскады курулуп, жогорку вольттуу электр линиялары тартылып, Бишкек жана Ош шаарларында жылуулук электрстанциялары, региондордо чакан ГЭСтер курулган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK