Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарованын Россия Федерациясынын Маданият министринин орун басары Алла Манилова менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

358

2023-жылдын 6-мартында кыргыз делегациясынын «Келечек үчүн Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын диалогу» аттуу Биринчи кыргыз-россия аялдар форумуна катышуусунун алкагында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарованын Россия Федерациясынын Маданият министринин орун басары Алла Манилова менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маданият жана искусство тармагындагы кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин жана келечегин талкуулап, эки өлкөнүн театрларынын жана башка маданий мекемелеринин адистери менен кызматкерлеринин ортосунда маданий-агартуу иш-чараларын өткөрүү жана тажрыйба алмашуу боюнча пикир алышты.

Кыргыз Республикасынын 2023-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигиндеги төрагалыгынын алкагында А.Аскарова өзүнүн кесиптешин жана россиялык делегацияны ушул жылдын күз мезгилинде Кыргыз Республикасында өтө турган КМШга мүчө-мамлекеттердин жаштарынын Он жетинчи дельфий оюндарына катышууга чакырды.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK