О встрече Министра природных ресурсов, экологии и технического надзора Кыргызской Республики Д.А.Кутмановой с Министром природных ресурсов и экологии Российской Федерации А.А.Козловым

337

2023-жылдын 6-мартында кыргыз делегациясынын «Келечек үчүн Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын диалогу» аттуу Биринчи кыргыз-россия аялдар форумуна катышуусунун алкагында 2023-жылдын 7-мартында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Д.А.Кутманова менен Россия Федерациясынын Жаратылыш ресурстары жана экология министри А.А.Козловдун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жаратылышты пайдалануу, курчап турган чөйрөнү коргоо, геология жана жер казынасын пайдалануу, анын ичинде жаратылыш ресурстарына жана жаратылышты коргоо иштерине эл аралык мамиле жаатында тажрыйба алмашуу жана топтоо боюнча иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жаатындагы эки өлкөнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын эл аралык келишимдерге катышуусунан жана жаратылышты пайдалануу жана айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы эл аралык уюмдарга мүчөлүктөн келип чыккан актуалдуу маселелер жана милдеттер боюнча консультацияларды улантууга макулдашышты.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK