Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Г.М.Баатырованын Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министри М.А. Мурашко менен жолугушуусу жөнүндө пресс-релиз

404

2023-жылдын 7-мартында Россия Федерациясына болгон иш-сапарынын алкагында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Г.М.Баатырова менен Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министри М.А. Мурашконун жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар саламаттыкты сактоо тармагындагы эки тараптуу кыргыз-россия кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашты, ведомстволор аралык деңгээлде, анын ичинде медициналык мекемелердин ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн туруктуу динамикасын белгилешти, калктын ден соолугун чыңдоого жана медициналык жардамды уюштуруу тутумун бекемдөөгө багытталган биргелешкен ишти жандандыруу боюнча өз ара ниеттерин ырасташты.

Министр Г.М.Баатырова Россия Федерациясында иштеген Кыргыз Республикасынын жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнө медициналык жардам көрсөтүү, ошондой эле бардык чет өлкөлүк жарандар үчүн колдонулган медициналык кароодон өтүү тартибин жеңилдетүү менен байланышкан маселелерди чечүүнүн өз ара алгылыктуу варианттарын табуу максатында диалогду улантуу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө медицина тармагында тажрыйба топтоо жана алмашууну улантуунун, ошондой эле көп тараптуу форматта, анын ичинде медицина кызматкерлеринин эл аралык саламаттыкты сактоо иш-чараларына катышуусу аркылуу кызматташтыкты чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK