Элчилик дагы бир жолу мекендештердин көңүлүн келген өлкөнүн мыйзамдарын так сактоо зарылчылыгына бурат.

915

Элчилик дагы бир жолу мекендештердин көңүлүн келген өлкөнүн мыйзамдарын так сактоо зарылчылыгына бурат.

Элчилик Россия Федерациясында жүрүүгө расмий документтерди жана башка уруксаттарды тариздөөдө ортомчулардын кызматын колдонбоону сунуштайт.

Ошондой эле дипломатиялык өкүлчүлүк кыргызстандыктарды тыюу салынган баңги заттарды жеткирүү жана таратуу боюнча кызмат көрсөтүү аркылуу жеңил жана тез акча убада кылган үчүнчү жактардын сунуштарына барбоого чакырат.

Ошону менен бирге, Элчилик консулдук жана юридикалык жардам алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандары Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн ишеним телефонуна: +7 (925) 115 50 47; +7 925 285 50 47 кайрылса болорун же Москва ш., Большая Ордынка көчөсү, 62/2 дарегинде жайгашкан Консулдук бөлүмгө жеке кайрылса болорун дагы бир жолу эскертет.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK