2023-жылдын 13-мартынан баштап «Мекен-карт» алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталат

5454

2023-жылдын 13-мартынан тартып Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Консулдук мекемелери мекендеш статусун (Мекен-карт)  алуу үчүн арыздарды кабыл ала баштайт. Мындай статуска КРдин мурдагы жарандары, алардын балдары жана неберелери ээ боло алат. «Мекен» карталарын алуу чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештерге Кыргыз Республикасында жүрүү жана мамлекеттик чек араны кесип өтүү тартиби боюнча өзгөчө укуктарды берет (жашоо түрүн тариздебестен туруктуу жашоого, Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн белгиленген негиздер боюнча жана тартипте эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын аймагында болууга, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармагында Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей шарттарда кызмат көрсөтүүлөргө акы төлөөнүн бирдей шарттары, жер участогуна укук пайда болгон күндөн тартып он жылдын ичинде айыл чарба багытындагы жерлерди ээликтен ажыратуу ж.б.).

Мекендеш (Мекен-карт)  макамын ыйгаруу менен 10 жылга жарактуу мөөнөтү бар документ берилет.

Мекендештин статусу жалпы жана жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте ыйгарылат. Чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурдан тартып 6 ай өтпөсө, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте Мекен-карт алуу үчүн кайрылууга укуктуу.

«Мекен-карт» мекендешинин статусун алуу үчүн документтерди тариздөөгө Россия Федерациясынын аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын консулдук мекемелерине жеке кайрылуу керек.

Мекендеш (Мекен карт) статусун алуу маселеси боюнча толук маалымат алуу үчүн 119 (Кыргыз Республикасынын аймагында) маалымат кызматына кайрылыңыз же Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы консулдук бөлүмүнө кайрылыңыз: Большая Ордынка, 62/2. Консулдун түз байланыш телефону: +7 925-285-50-47, +7 925-115-50-47.

Элчиликтин расмий сайты: https://mfa.gov.kg/ru/dm/pkr-v-rf (консулдук маселелер бөлүгү/кызматтар).

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН РОССИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНДАГЫ КОНСУЛДУК МЕКЕМЕЛЕРИ

  1. Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы Башкы консулдугу

Адрес: 620130, Россия, Екатеринбург ш., Щорса көчөсү, 54а., офис 5

Телефон/факс: +7(343) 223 68 12, 223 68 13, 223 68 14, 223 68 15, IP: 96 20 85, +7 991 199 35 95

2. Кыргыз Республикасынын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу

Адрес: 630005, Россия, Новосибирск ш., Крылов к., 64/1

Телефон: +7 (383) 210 66 24, +7 953 801 78 18

3. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Владивосток ш. Канцеляриясы (бөлүмү)

Адрес: 690090, Россия, Владивосток ш., Алеутская к., 15 “В”, офис 402

Телефон: +7 (423) 279 1 1 09; + 7 (964) 713 85 17 (моб.)

4. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Иркутск ш. Канцеляриясы (бөлүмү)

Адрес: 664007, Россия, Иркутск ш., Декабрьских событий к., 107а

Телефон: +7 (914) 924 36 32,  +7 964 211 00 81

5. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Красноярск ш. Канцеляриясы (бөлүмү)

Адрес: 620021, Россия, Красноярск ш., проспект Мира 132

Телефон: 8 391 234 34 08, +7 (995) 096 06 75

6. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Cанкт-Петербург ш. Канцеляриясы (бөлүмү)

Адрес: 191024, Россия, Санкт-Петербург ш., Чехов к., д 14 б лит А, пом.2Н

Телефон/факс: + 7(929) 512 39 05  

7. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Сургут ш. Канцеляриясы (бөлүмү)

Адрес: 628415, Россия, Сургут ш., Лермонтова к. 11/5, 515 кабинет

Телефон: +7 (982) 197 63 36; +7 (982) 159 12 92

8. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Южно-Сахалинск ш. Канцеляриясы (бөлүмү)

Адрес: 693000, Россия, Южно-Сахалинск ш., проспект Мира, д.2б\5 (второй этаж)

Телефон: +7 916 094 00 11

9. Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Якутск ш. Канцеляриясы (бөлүмү)

Адрес: 677005, Россия, Республики Саха (Якутия), Якутск ш., Орджоникидзе 20 к., каб. 109. Телефон: +7 (916) 445 52 75 (моб.).

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK