Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин 1-июндагы пресс-релизи

297

2023-жылдын 1-июнунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулунун Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин катышуусунда Москва шаарынын «Мосгортранс» мамлекеттик унитардык ишканасынын жетекчилиги менен  жумушчу жолугушуусу болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын ишке орноштуруу жана аларды жүргүнчүлөрдү ташуу тармагында ишмердүүлүгүн ишке ашыруу маселелери талкууланды. Тактап айтканда, ишкананын жетекчилиги «Мосгортранс» мамлекеттик ишканасындагы  кызматкерлердин иштөө шарттары тууралуу маалымат берип, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын айдоочулукка тартууга кызыкдар экендигин билдирди.

Маалымат үчүн: 2023-жылдын май айына карата «Мосгортранс» МУИда 1000ге жакын Кыргыз Республикасынын жараны иштейт.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынан келген ишкананын кызматкерлеринин көйгөйлүү маселелерин ыкчам жана натыйжалуу чечүү максатында Элчилик менен «Мосгортранс» мамлекеттик унитардык ишканасынын өз ара аракеттенүү тартиби макулдашылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK