Элчиликтин 02-июндагы пресс - релизи
2023-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы дипломатиялык өкүлчүлүгү Канцеляриялар менен бирдикте Россиянын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштерди улантышты. Анын ичинде:
- Россия Федерациясынын компетенттүү органдарына 39 жолу баруу жүргүзүлдү;
- 51 кыргызстандыкты административдик жоопкерчиликтен бошотуу (же чарасын жеңилдетүү) маселелери иштелип чыкты;
- Турмуштук оор кырдаалга кабылган Кыргыз Республикасынын 14 жараны, анын ичинде Мариуполь шаарынан да мекенине кайтарылды;
- Судан Республикасынан 6 мекендешибизди эвакуациялоого жардам көрсөтүлдү;
- Элчиликтин жардамы менен Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынын Кыргыз Республикасынын 4 жаранына карата Россиядан чыгаруу жөнүндө чечимдери жокко чыгарылды;
- Кыргыз Республикасынын 2 жаранын кылмыш жоопкерчилигинен бошотууга көмөк көрсөтүлдү;
- Россия Федерациясынын сот органдарынын сот актыларына апелляциялык (кассациялык) даттанууларды жана башка арыздарды даярдоодо 29 жаранга көмөк көрсөтүлдү;
- 1 226 кыргызстандыкка укуктук жардам берилди;
- 5 сот жыйынына катышуу болду;
- Красноярск жана Норильск шаарларынын жаза-аткаруу тутумунун мекемелеринде жазасын өтөп жаткан 39 кыргызстандыкка баруу ишке ашырылды;
- Татарстан Республикасында, Хабаровск крайында, Калининград, Мурманск областтарында, Норильск, Талнах жана Дудинка, Красноярск крайында жашаган 120дан ашык Кыргыз Республикасынын жарандарына көчмө консулдук кызматтар көрсөтүлдү;
- каза болгон 4 мекендешибиздин сөөгүн мекенине алып кетүүгө консулдук-укуктук жардам көрсөткөн.
- Түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз диаспора бирикмелеринин активисттери менен 18 жолугушуу өткөрүлдү, ишеним телефондору жана социалдык тармактар аркылуу 9324 адамга консультация берилди, чат-боттун жардамы менен 1332 жаран керектүү маалыматтарды алып, Элчиликтин сайтында 11 маалыматтык билдирүү жарыяланды.
- 2023-жылдын май айында Элчилик Канцеляриялар менен биргеликте Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын документтештирүү жана коргоо жаатында 12 734 консулдук кызматтарды көрсөттү.