КРнын РФдагы Элчилигинин 12-июлдагы маалыматтык билдирүүсү
2023-жылдын 25-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жүргөн КР жарандары “булут” технологиялары аркылуу түзүлгөн электрондук колтамгасынын ачкычтарынын сертификаттарын Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн жана консулдук мекемелеринен акысыз ала алышат.
Серификаттарды алуу үчүн КР жараны Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине Кыргызстандын жарактуу улуттук паспорту мененжеке түрдө кайрылуусу керек.
Кошумча маалымат алуу үчүн, Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө же консулдук мекемелерине кайрылуу сунушталат (байланыш маалыматтар КРдин Тышкы иштер министрлигинин mfa.gov.kg расмий сайтында жарыяланган).