КРнын РФдагы Элчилигинин Консулу М.Жолдошбеков «Капитал медициналык камсыздандыруу» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушту.

326

2023-жылдын 12-июлунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Консулу М.Жолдошбеков Милдеттүү медициналык камсыздандыруу тармагында иш алып барган Россиянын алдыңкы камсыздандыруу медициналык уюмдарынын бири болгон «Капитал медициналык камсыздандыруу» ЖЧКсынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда Москва шаарында жана башка шаарларда жүргөн Кыргызстандын жарандарынын милдеттүү медициналык камсыздандыруу полистерин алуусу боюнча маселелер талкууланды.

Консул эмгек мигранттарынын балдары үчүн аларды мектепке чейинки жана билим берүү мекемелерине кабыл алуу, анын ичинде жаңы төрөлгөн балдарды пландуу текшерүү жана эмдөө боюнча кабыл алууда көрсөтүлгөн полистердин талаптарына жооп берген медициналык тейлөөлөрдү камтыган программаларды пайдалуу шарттарда (төмөн баада) Кыргызстандын жарандары үчүн иштеп чыгууну сунуштады.

Тараптар жогоруда аталган маселелер боюнча өз ара аракеттенүү жана кызматташуу боюнча макулдашууга жетишти.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK