Элчиликтин 20-июлдагы пресс - релизи

235

2023-жылдын 19-июлунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлеринин Россия Федерациясынын Санариптик өнүктүрүү, байланыш жана массалык коммуникациялар министрлигинин өкүлдөрү менен Россиянын кыймылсыз мүлк жана курулуш тармагын санариптештирүү кызматы боюнча таанышуу максатында жолугушуу болуп өттү.

Иш-чарада продукциянын иши, 86дан ашык турмуштук кырдаалга жараша жеке жана юридикалык жактардын кызматын электрондук түрдө алуу мүмкүнчүлүгү, онлайн кайрылууларды жана башкаларды тариздөөгө тартылган адамдарга жана мекемелерге жеткиликтүүлүк боюнча презентация көрсөтүлдү.

Жыйынтыгында тараптар тажрыйба алмашуу максатында эки тараптын ыйгарым укуктуу мекемелеринин өкүлдөрүнүн мындан аркы жолугушууларын өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK