2023-жылдын 25-июлунда Элчиликтин өкүлдөрү Москва шаарындагы Яндекс-такси менен өнөктөштүктө иштеген эң ири такси компанияларынын бирине барышты

253

2023-жылдын 25-июлунда Элчиликтин өкүлдөрү Москва шаарындагы «Яндекс-Такси» менен өнөктөштүктө иштеген эң ири такси компанияларынын бирине барышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчиликтин өкүлдөрү компаниянын Москва жана Москва облусу боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу, ошондой эле аталган уюмга Кыргыз Республикасынын жарандарын тартуу шарттары менен таанышты

Россия Федерациясындагы Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча Элчиликтин функциялары жана жүргүнчүлөрдү ташуу чөйрөсүндө эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн зарыл болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына тиешелүү документтерди Элчиликтен алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат берилди.

Өз кезегинде, такси паркынын өкүлдөрү компаниянын, уюмдун ишмердүүлүгү, ошондой эле айдоочуларды ишке орноштуруу шарттарын жакшыртууга багытталган чаралар тууралуу маалымат беришти.

Уюмдун жетекчилиги Россиядагы кыргызстандыктар үчүн мыйзам деңгээлинде каралган мүмкүнчүлүккө байланыштуу алардын компаниясында айдоочу катары катталган Кыргызстандын жарандарынын көп экенин белгиледи.

Тараптар пикир алмашып, бул ишканада Кыргыз Республикасынын жарандарынын ишке орношуу шарттарын жакшыртуу жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK