Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы Кризистик борбордун ачылышы тууралуу

449

2023-жылдын 31-июлунда Москва шаарынын жана Москва областынын кыргыз диаспора уюмдарынын жана аймактык бирикмелеринин жетекчилеринин жана активисттеринин катышуусунда Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин алдындагы Кризистик борбордун расмий ачылышы болуп өттү.

Эмгек мигранттарынын укуктук маалыматтуулугун жогорулатуу максатында, Элчилик тарабынан иш-чарага «Медициналык камсыздандыруу капиталы» ЖЧКсынын, Эмгек талаш-тартыштарын чечүүгө көмөк көрсөтүү борборунун жетекчилери, ошондой эле Москва адвокаттар коллегиясынын жактоочулары чакырылды, алар катышуучуларга милдеттүү жана ыктыярдуу медициналык камсыздандыруу, эмгек талаш-тартыштарын чечүү, эмгекти коргоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана башкалар боюнча маалымат беришти.

Маалымат катары: 2023-жылдын 4-7-мартында Москва шаарында өткөн Биринчи кыргыз-орус аялдар форумуна катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин жубайы А.Жапарованын иш-сапарынын алкагында Кризистик борборду түзүү боюнча долбоорду ишке ашыруу тууралуу меморандумга кол коюлган. 

Кризистик борбордун иши Москва шаарынын жана Москва облусунун аймагында оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын жарандарына- аялдарына колдоо көрсөтүүгө багытталган.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK