Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарын пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө

510

2024-жылдын 27-мартында Элчилик Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун өкүлдөрүнүн Россия Федерациясындагы кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери менен жолугушуусун уюштурду.

Жолугушуулар эки форматта өттү, анын бири Россия Федерациясынын аймактарында жашаган кыргыз диаспорасы менен видеоконференция байланышы аркылуу жана Москвадагы жана Москва облусундагы кыргыз диаспоралары менен жеке жолугушуу аркылуу өттү.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Социалдык фонддун жетекчилиги Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында Кыргыз Республикасынын жарандарын пенсия менен камсыз кылуу, бул чөйрөнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук база, Кыргызстанда жана Россияда пенсиялык мамилелердин жана пенсияга чыгуу шарттарындагы айырмачылыктар, Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан пенсия алуу жол-жоболорун жөнөкөйлөтүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, россиялык тарап менен жолугушуулардын жыйынтыктары жана эл аралык кызматташуу келишиминин жаңы долбоорун иштеп чыгуу боюнча маалымат берип, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жарандарын кызыктырган башка суроолорго жооптор  берилди.

Жолугушууларда Кыргыз Республикасынын жаранынын пенсиялык укугун калыптандыруу үчүн Россиянын аймагында мыйзамдуу эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүүнүн маанилүүлүгүнө жана зарылчылыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын катышуучулары жарандарды укуктук тарбиялоого багытталган мындай жолугушууларды өткөрүүнүн жемиштүү экенин белгилешип, ошондой эле жарандарды кызыктырган башка багыттар боюнча дагы ушундай жолугушууларды өткөрүүнү сунушташты.

Өз кезегинде Элчилик жолугушуунун катышуучуларынан алынган маалыматтарды Россияда жүргөн мекендештерге жеткирүүсүн өтүндү.

Бул жолугушуу Элчилик тарабынан төраганын орун басары Г.Жуматаева баштаган Социалдык фонддун өкүлдөрүнүн Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында уюштурулду.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK