Элчиликтин 2024-жылдын 28-мартындагы маалыматтык билдирүүсү

2193

Элчилик Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын көңүлүн 2024-жылдын 1-апрелинен тартып «Жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө» Федералдык мыйзамга өзгөртүүлөр күчүнө кирерине бурат.

Аталган Федералдык Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн Россияда жашап турууга уруксатты (ВНЖ) же Россия Федерациясынын жарандыгын алган күндөн тартып бир жыл өткөндөн кийин Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүктөрү Россия Федерациясынын аймагында транспорт каражаттарын айдоо үчүн жараксыз деп табылат.

2024-жылдын 1-апрелине чейин жашап турууга урусаты бар (ВНЖ) же Россия Федерациясынын жарандыгын алган Кыргыз Республикасынын жарандарынын улуттук айдоочулук күбөлүктөрү 2025-жылдын 1-апрелине чейин жарактуу деп эсептелет.

Бул категориядагы адамдарга Россиянын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн алардын учурдагы жарактуу Кыргыз улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнүн негизинде жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте экзаменсиз берүү каралган.

Мында медициналык каршы көрсөтмөлөрдүн же транспорт каражаттарын башкарууга чектөөлөрдүн бар же жок экендиги жөнүндө медициналык корутунду берүү зарыл. Жөнөкөйлөтүлгөн процедура 2025-жылдын 1-апрелине чейин күчүндө болот.

2024-жылдын 1-апрелинен кийин жашап турууга урусаты бар (ВНЖ) же Россия Федерациясынын жарандыгын алган Кыргыз Республикасынын жарандарына Россиянын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүн берүү теориялык экзаменден өткөндөн кийин Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүктөрүнүн негизинде жүргүзүлөт.

Ошол эле учурда жашап турууга уруксаты (ВНЖ) же Россия Федерациясынын жарандыгы жок, транспорт каражаттарын башкаруу менен түздөн-түз байланыштуу ишкердик жана эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынан Кыргызстандын улуттук айдоочулук күбөлүгүн Россиянын айдоочулук күбөлүгүнө алмаштыруу талап кылынбайт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK