КР ТИМдин 2024-жылдын 28-мартындагы маалыматтык билдирүүсү

165

Тышкы иштер министрлиги, “Крокус сити холл” концерттик залында болгон теракттан улам жабыркагандардын тизмесинде 2024-жылдын 28-мартына карата Кыргыз Республикасынын жарандары жок экендигин билдирет.

Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Элчилигинин кызматкерлери Красногорск шаарындагы медициналык мекемеге жабыркап түшкөн жашы жете элек россиянын жарандыгын алган этникалык кыргыз Б.К.га барып, ден соолугунан кабар алышкан. Учурда аталган жарандын ден соолугу жакшы болуп, үйүнө чыгарылды.

“Крокус Сити Холлдогу” теракттан кийин издөөдө жүргөн Кыргыз Республикасынын эки жаранына карата мурда дайындалган генетикалык экспертизанын жыйынтыгы азыркы учурда чыга элек. Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Элчилиги аталган жарандардын ата-энелери менен тыгыз байланышта.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK