Элчиликтин 2024-жылдын 29-мартындагы пресс - релизи

389

2024-жылдын 29-мартында түшүндүрүү иштеринин алкагында жана мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу боюнча Элчилик жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россия Федерациясындагы Өкүлчүлүгү Россиянын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын өкүлдөрүнүн Россия Федерациясынын аймактарында жүргөн кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери менен видеоконференция байланышы аркылуу жолугушуусун уюштурду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Россиянын Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү Россия Федерациясынын аймагында баңги затын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча россия тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштер, кыргызстандыктар тарабынан жасалган кылмыштардын статистикасы, ошондой эле катышуучуларды кызыктырган башка маселелер боюнча маалымат беришти.

Кыргыз Республикасынын жарандарынын Россия Федерациясында ыңгайлуу болушуна зыян келтирүүчү терс кесепеттерге жол бербөө үчүн Кыргызстандын жарандарынын Россия Федерациясынын мыйзамдарын сактоо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун катышуучулары баңги затын мыйзамсыз жүгүртүү боюнча кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча пикир алмашып, бул жаатта биргелешкен иш-чараларды уюштуруу, атап айтканда, видеороликтерди, таркатма материалдарды даярдоо боюнча сунуштарын айтышты.

Кошумчалай кетсек, жолугушууда Элчилик, Кыргызстандын жана Россиянын укук коргоо органдары жарандар тарабынан жасалган кылмыштар үчүн жаза сөзсүз болорун эскертишип, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү чөйрөсүндө мыйзамсыз аракеттерди жасоого жол берилбестиги, бул аракеттер акыры кармалууга жана сот жообуна тартылууга же башка жоопкерчиликке алып келери жөнүндө өз мекендештерине маалымдоо жана коомчулук менен алдын алуу жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылышты.

Иш-чаранын жыйынтыгында Россиянын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча башкы башкармалыгынын өкүлдөрү жолугушуунун катышуучуларына Россияда жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүү максатында, жер-жерлерде байланыштарды түзүү жана алмашуу үчүн Россиянын субъектилериндеги диаспора өкүлдөрү менен россиялык тиешелүү органдардын ортосундагы кызматташуу жанданганы жөнүндө маалымат берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK