КР ТИМдин 2024-жылдын 2-апрелине карата маалымат билдирүүсү

193

Москвада "Крокус Сити Холл" концерттик залында болгон теракт жөнүндө сүйлөшкөнү үчүн Кыргызстандын жараны кармалганы боюнча КРда Массалык маалымат каражаттарына тараган билдирүүгө байланыштуу Министрлик төмөнкүлөрдү билдирет.

Кыргыз Республикасынын жараны А.Ж.А.га карата РФнын Кылмыш-жаза кодексинин 1-беренесинин 205.2-бөлүгү (терроризмди ачык актоо) боюнча кылмыш иши козголгондугу тууралуу алгачкы маалымат Россия Федерациясынын компетенттүү органдарынын өкүлдөрүнөн алынган.

КРнын Москвадагы дипломатиялык өкүлчүлүгү жогорудагы кылмыш иши боюнча алдын ала тергөөнүн жүрүшү тууралуу толук маалымат алуу үчүн Россиянын тергөө органдарына тиешелүү суроо-талаптарды жөнөткөн.

Ушуга байланыштуу, козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган мекендешке зарыл болгон учурда Элчилик тарабынан консулдук-укуктук жардам көрсөтүлөт.

Жогорудагы маселе КРнын Тышкы иштер министрлигинин жана КРнын РФдагы Элчилигинин көзөмөлүндө турат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK