Элчиликтин Консулдук бөлүмүнүн 2024-жылдын мартындагы ишмердүүлүгү жөнүндө пресс - релизи

168

2024-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Канцеляриялар менен бирдикте Россия Федерациясынын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүздү. Анын ичинде төмөнкү иштер аткарылды:

  • Россия Федерациясынын компетенттүү органдарына 22 жолу барды;
  • 57 Кыргыз Республикасынын жараны административдик жоопкерчиликтен, 2 жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду;
  • Россия Федерациясынын сот органдарына жана сот актыларына апелляциялык (кассациялык) даттанууларды жана башка арыздарды даярдоодо 94 жаранга көмөк көрсөтүлдү;
  • Жеке кабыл алуунун жүрүшүндө 1197 кыргызстандыкка укуктук жардам көрсөтүлдү;
  • Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызыкчылыгы үчүн 8 сот отурумуна катышуу ишке ашырылды;
  • Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун алкагында мамлекеттик органдардын жана башка компетенттүү органдардын өкүлдөрү менен  14 жолугушуу өткөрүлдү;
  • 4244 улуттук паспорт таризделип, берилди;
  • 1123 КРга кайтуу күбөлүгү таризделди;
  • Маалымдама берүү менен 988 документ суралды;
  • 812 жеке идентификациялык номер берилди/өзгөртүлдү;
  • 172 нотариалдык иштер жасалды;
  • 141 айдоочу күбөлүк таризделди.

Түшүндүрүү иштеринин алкагында кыргыз диаспора бирикмелеринин активисттеринин катышуусунда 14 иш-чара өткөрүлдү, ишеним телефондору жана социалдык тармактар аркылуу 7469 адамга консультация берилди, чат-бот аркылуу 1341 жаран керектүү маалымат алышты.

2024-жылдын март айында Элчилик Канцеляриялар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын документтештирүү жана коргоо жаатында 18 180 консулдук кызматтарды жана иш-аракеттерди көрсөттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK