Кыргыз Республикасынын жаранынын Москва шаарында кармалышы боюнча Элчиликтин 2024- жылдын 4-апрелиндеги маалыматтык билдирүүсү

224

Москва шаарында Кыргыз Республикасынын жараны Н.Тнын кармалышы боюнча маалыматты тактоо максатында Тышкы иштер министрлиги тарабынан анын ата-энеси менен байланыш түзүлгөн.

Кыргыз Республикасынын Москва шаарындагы Элчилигине Россия Федерациясынын укук коргоо органдарынан Н.Тга карата билдирүү келип түшпөгөндүгүнө байланыштуу, учурда Кыргыз Республикасынын жаранынын кармалышынын бардык жагдайларын тактоо боюнча тиешелүү иштери жүргүзүлүүдө. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын Элчилиги кармалган Н.Тнын жактоочусу менен байланышкан.

Кошумча маалымат келип түшкөн учурда, Элчилик тарабынан Н.Тнын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча зарыл чаралары көрүлөт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK