РФ ТИМ ММЭМИне тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин кабыл алуу башталгандыгы тууралуу

161

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

ТЫШКЫ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИ

РФ ТИМ ММЭМИне тапшыруу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарынын документтерин кабыл алуу башталгандыгы тууралуу жарыялайт

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2024-жылдын 8-апрелинен тартып 17-майына чейин 2024-2025-окуу жылына Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтуна (Университетине) бакалавриат, магистратура жана аспирантура программаларына тапшыруу үчүн документтерди кабыл алуу башталгандыгын жарыялайт.

Конкурстук тандоого КРдин жарандары гана катыша алат. Абитуриенттер тиркемеде сунушталган окуу багыттарынын бири боюнча гана документ тапшыра алат.

Бакалавриат, магистратура жана аспирантура программалары боюнча Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун (РФ ТИМ ММЭМИ) экзамендерине андан ары катышуу үчүн КР ТИМ тарабынан сунушталган талапкерлер бул жогорку окуу жайынын эрежелерине ылайык онлайн форматында орус жана чет тили боюнча тестирлөөдөн өтүшөт.

ММЭМИге абитуриенттерди конкурстук тандоо эрежелери менен www.mfa.gov.kg дарек боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин сайтынан жана www.dipacademy.kg дарек боюнча КР ТИМинин Дипломатиялык академиясынын сайтынан таанышууга болот.

Сынакка катышуу үчүн КР ТИМинин Дипломатиялык академиясынын сайтына www.dipacademy.kg шилтеме аркылуу кирип, онлайн каттоодон өтүү зарыл. Документтер оффлайн форматында тапшырылат.

        

Байланыш тел.: 0312 66 14 21, 0312 66 01 85

 

Тиркеме

 

БАКАЛАВРИАТ

Факультет

Багыты

ЖРТ

Орундардын саны

1.

Эл аралык мамилелер

Эл аралык мамилелер

негизги тест, тарых жана англис тилинен предметтик тест

2

2.

Эл аралык экономикалык мамилелер

Экономика

негизги тест, математика жана англис тилинен предметтик тест

2

3.

Эл аралык-укуктук факультет

Юриспруденция

негизги тест, тарых жана англис тилинен предметтик тест

1

Бардыгы

6

 

МАГИСТРАТУРА

Багыты

Орундардын саны

1.

Эл аралык мамилелер

2

2.

Юриспруденция

1

Бардыгы

3

 

АСПИРАНТУРА

Багыты

Орундардын саны

1.

Саясий илимдер жана регион таануу

2

Бардыгы

2

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK