Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 16-апрелиндеги маалыматтык билдирүүсү

425

Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Москвадагы Элчилиги менен биргеликте "Шереметьево" аэропортундагы мекендештердин абалына көз салууда.

Учурда аэропорттун транзиттик зонасында ар кандай себептер менен паспорттук текшерүүдөн өтө албай калган 20га жакын Кыргыз Республикасынын жараны бар.

Кыргыз Республикасынын жарандары Элчиликтин ишеним телефонуна алардын тамак-ашын уюштуруу маселеси боюнча кайрылып, бул маселе тез арада чечилген.

Элчиликтин кызматкерлери аэропорттогу жарандар менен байланышта, учурда аларды кийинки каттамдар менен Кыргызстанга жөнөтүү маселесин иштеп жатышат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK