Россия Федерациясынын Оренбург областындагы суу ташкынынан жапа чеккендер боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 18-апрелиндеги маалыматтык билдирүүсү

181

КРнын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасынын Москвадагы Элчилиги менен биргеликте Россия Федерациясынын Оренбург облусундагы суу ташкыны боюнча абалга көз салууда жана бул аймакта жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен байланышта.

 

2024-жылдын 18-апрелине карата Кыргыз Республикасынын Элчилигине жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандары тууралуу маалымат келип түшкөн эмес. Ошол эле учурда Россия Федерациясынын этникалык кыргыздар болгон бир нече жарандарынын үйлөрүн суу каптаганы тууралуу маалымат тастыкталууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK