Москва шаарында сервистик борбор аркылуу консулдук кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүү жөнүндө

881

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2024-жылдын 30-майынан тартып Москва шаарында «ВиЭфСервисес» ЖЧКсынын сервистик борбору аркылуу Кыргыз Республикасынын жарандарына консулдук кызматтарды көрсөтүү боюнча пилоттук долбоор башталаарын маалымдайт. «ВиЭфСервисес» ЖЧКсынын сервистик борбору төмөнкү дарек боюнча жайгашкан: Москва шаары, Каширское шоссеси, үй №3, корпус 2, имарат 9, “Сириус Парк” бизнес борбору.

Пилоттук долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын жарандары «ВиЭфСервисес» ЖЧКсынын сервистик борбору аркылуу төмөнкү консулдук кызматтарды ала алышат:

- Кыргыз Республикасынын жаранынын ID-картасын, жалпы жарандык паспортун жана Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүгүн алардын колдонуу мөөнөтү аяктаган, алар бузулган же жоголгон учурларда тариздөө жана алуу;

- Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө күбөлүгүн алуу;

- социалдык-укуктук мүнөздөгү документтерди (анын ичинде никелешүү укугу жөнүндө, айдоочулук күбөлүктүн аныктыгын тастыктаган, Кыргыз Республикасынын аймагында соттолбогондугу жөнүндө жана башка маалымкаттарды) суратып алдыруу.

Жогоруда көрсөтүлгөн консулдук кызматтарды алуу үчүн керектүү документтердин тизмеси менен Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин веб-сайтынын “Консулдук маселелер” бөлүмүнөн таанышууга болот: https://mfa.gov.kg/ru/dm/pkr-v-rf.

Сервистик борборунда документтерди кабыл алуу төмөнкү телефон аркылуу алдын ала жазылуу жолу менен жүргүзүлөт: +7 (921) 329 00 68 (Москва убактысы боюнча саат 09:00дөн 17:00гө чейин), +7 (499) 648 91 53 (Колл-центр). Документтерди сервистик борборунда тапшыруу үчүн акы төлөнөт.

Ошону менен бирге, Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарынын көңүлүн Россия Федерациясынын аймагындагы Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүгү жана консулдук мекемелери тарабынан консулдук кызматтарды көрсөтүү кадимки тартипте жана толук көлөмдө ишке ашырыла тургандыгына бурат. Сервистик борборлор чет өлкөдө консулдук кызматтарды алуу шарттарын жеңилдетүү үчүн альтернатива болуп саналат.

Маалымат үчүн: Пилоттук долбоор Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-февралындагы №62 токтомуна ылайык ишке ашырылып жатат жана Кыргыз Республикасынын жарандарынын мамлекеттик (консулдук) кызматтарга жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жана жакшыртууга багытталган.

Пилоттук долбоор Москва шаарынан башталып, андан кийин Кыргыз Республикасынын жарандарынын олуттуу бөлүгү жүргөн Россиянын башка шаарларына да жайылтылат. Долбоордун жыйынтыгы боюнча анын эффективдүүлүгү башка өлкөлөрдө мүмкүн болуучу кеңейиши үчүн бааланат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK