Москвада К.Жантошев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драма театрынын “Күн кармаган бала” спектакли коюлду

332

2024-жылдын 28-майында Москва шаарындагы “Эльдар” Киноконценрттик клубунун чоң залында К.Жантошев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драма театрынын “Күн кармаган бала” спектакли коюлду.

Россия мамлекеттик искусство институтунун бүтүрүүчүсү, режиссер, У.Карыпбаевдин белгилүү кыргыз жазуучусу жана коомдук ишмери С.Раевдин повестинин негизинде даярдалган спектакли коомдун тереңинде катылган социалдык көйгөйлөрдү ачып, бүгүнкү күндө да актуалдуу болуп саналган адамдык жакшы касиеттерге, боорукердикке, кайрымдуулукка чакырат.

Иш-чарага Москва шаарында убактылуу жашап, иштеп жаткан мекендештер активдүү катышышты.

Кыргыз искусствосун жана маданиятын таанытууга багытталган бул иш-чараны иш жүзүнө ашырууга Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги тийиштүү жардамын көрсөттү.

Элчиликтин өкүлү куттуктоо сөзүндө мындай долбоорлордун маданий мурастарды сактоо жана чет өлкөлөрдө жашап жана окуп жүргөн кыргызстандыктардын жаңы муунун тарбиялоо үчүн маанилүү экенин белгиледи. Ошондой эле К.Жантошев атындагы Ысык-Көл облустук музыкалык-драма театрынын жамаатына Элчиликтин атынан Ыраазычылык кат тапшырылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK