Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги тарабынан Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзу менен кыргыз-орус бизнес кызматташтыгынын келечеги тууралуу атайын вебинар өткөрүлүшү жөнүндө

402

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин демилгеси менен 2024-жылдын 28-майында «Кыргыз-орус бизнес кызматташтыгынын келечеги. Кыргызстанда бизнес жүргүзүүнүн өзгөчөлүктөрү» деген темада Россиянын өнөр жайчылар жана ишкерлер союзунун (РСПП) мүчөлөрү болгон бизнес чөйрөлөр менен атайын вебинар өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө россиялык ишкер чөйрөлөргө – РСППнын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасындагы жагымдуу бизнес-климат, инвестициялык потенциал, келечектүү нишалар жана өлкөнүн экономикасынын приоритеттүү тармактары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн «Кыргыз экспорт» мамлекеттик мекемесинин, МЖӨ борборунун, «Кыргызиндустрия» ААКсынын, «Кыргызфармациянын», «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун» ишмердүүлүгү, ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик органдары тарабынан чет өлкөлүк инвесторлорго карата көрүлүп жаткан колдоо чаралары жана АЭАнын, Жогорку технологиялар паркынын активдүү иши жөнүндө маалымат берилди. Муну менен катар энергетика, тоо-кен казып алуу, туризм, айыл чарба ж.б. тармактардагы келечектүү инвестициялык долбоорлордун мисалдары келтирилди.

Ошондой эле соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында вебинардын катышуучуларын жогоруда аталган иш-чараларга активдүү катышууга чакыруу менен алдыда боло турган кыргыз-орус иш-чаралары, анын ичинде XXVII Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында «Россия - Кыргызстан» бизнес-диалогун өткөрүү (2024-жылдын 5-июнь, Санкт-Петербург), Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын жана Россия-кыргыз региондор аралык конференциясынын кезектеги отурумдары (2024-жылдын 5-6-июль, Красноярк ш.), «Ысык-Көл-2024» Эл аралык экономикалык форуму (сентябрь 2024-ж., Чолпон-Ата шаары) боюнча маалымдалды.

Сессиянын жүрүшүндө кыргыз тараптын өкүлдөрү катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Жыйынтыгында тараптар соода-экономикалык, өндүрүштүк жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү максатында өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашышты.

 

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK