Соода-экономикалык чөйрөдө кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүүнүн потенциалына жана келечегине арналган Орус-кыргыз ишкерлер кеңешинин атайын жыйын жөнүндө

408

2024-жылдын 29-майында Москва шаарында Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасында (РФ Соода-өнөр жай палатасы) Россия-Кыргыз Ишкер кеңешинин (РКДС) соода-экономикалык чөйрөдө кыргыз-орус кызматташтыгын өнүктүрүүнүн потенциалы жана келечегине арналган жыйыны болуп өттү. Иш-чара РКДС, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги жана Россия Федерациясынын Соода-өнөр жай палатасы тарабынан уюштурулду.

50дөн ашык компаниялардын өкүлдөрү жана Россия Федерациясынын Калининграддан Владивостокко чейин 50гө жакын мүчөлөрү жана аймактык Соода-өнөр жай палаталарынын өкүлдөрү катышкан иш-чарада, куттуктоо сөздөрү менен РКДСтин төрагасы В.Б.Компанейщиков жана Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин 3ДСНГ директорунун орун басары А.А.Мусиенко, РФ Экономикалык өнүгүү министрлигинин бөлүм башчысы А Д. Малов сүйлөдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин өкүлү «Кыргыз Республикасындагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдүн келечеги» аттуу презентациясы менен негизги баяндамачы болду. Россиялык ишкер чөйрөлөргө – РСППнын мүчөлөрүнө Кыргыз Республикасындагы жагымдуу бизнес-климат, инвестициялык потенциал, келечектүү нишалар жана өлкөнүн экономикасынын приоритеттүү тармактары, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан түзүлгөн «Кыргыз экспорт» мамлекеттик мекемесинин, МЖӨ борборунун, «Кыргызиндустрия» ААКсынын, «Кыргызфармациянын», «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун» ишмердүүлүгү, ошондой эле Кыргызстандын мамлекеттик органдары тарабынан чет өлкөлүк инвесторлорго карата көрүлүп жаткан колдоо чаралары жана АЭАнын, Жогорку технологиялар паркынын активдүү иши жөнүндө маалымат берилди. Муну менен катар энергетика, тоо-кен казып алуу, туризм, айыл чарба ж.б. тармактардагы келечектүү инвестициялык долбоорлордун мисалдары келтирилди.

Ошондой эле соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү максатында вебинардын катышуучуларын жогоруда аталган иш-чараларга активдүү катышууга чакыруу менен алдыда боло турган кыргыз-орус иш-чаралары, анын ичинде XXVII Санкт-Петербург эл аралык экономикалык форумунун алкагында «Россия - Кыргызстан» бизнес-диалогун өткөрүү (2024-жылдын 5-июнь, Санкт-Петербург), Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-орус комиссиясынын жана Россия-кыргыз региондор аралык конференциясынын кезектеги отурумдары (2024-жылдын 5-6-июль, Красноярк ш.), «Ысык-Көл-2024» Эл аралык экономикалык форуму (сентябрь 2024-ж., Чолпон-Ата шаары) боюнча маалымдалды.

Сессиянын жүрүшүндө кыргыз тараптын өкүлдөрү катышуучуларды кызыктырган суроолорго жооп беришти.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK