2024-жылдын май айында Элчиликтин Консулдук бөлүмү аткарган иштер жөнүндө

664

2024-жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Канцеляриялар менен бирдикте Россия Федерациясынын аймагында убактылуу жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча тиешелүү иштерди жүргүздү. Анын ичинде төмөнкү иштер аткарылды:

  • Россия Федерациясынын компетенттүү органдарына 27 жолу барды;
  • 41 Кыргыз Республикасынын жараны административдик жоопкерчиликтен, 2 жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотулду;
  • Россия Федерациясынын сот органдарына жана сот актыларына апелляциялык (кассациялык) даттанууларды жана башка арыздарды даярдоодо 167 жаранга көмөк көрсөтүлдү;
  • оор турмуштук кырдаалга туш болгон Кыргыз Республикасынын жаранына мекенине кайтып келүүгө практикалык жардам көрсөтүлдү;
  • Жеке кабыл алуунун жүрүшүндө 1241 кыргызстандыкка укуктук жардам көрсөтүлдү;
  • Россия Федерациясында Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоонун алкагында мамлекеттик органдардын жана башка компетенттүү органдардын өкүлдөрү менен  27 жолугушуу өткөрүлдү;
  • 4030 улуттук паспорт таризделип, берилди;
  • 2309 КРга кайтуу күбөлүгү таризделди;
  • Маалымдама берүү менен 1556 документ суралды;
  • 1557 жеке идентификациялык номер берилди/өзгөртүлдү;
  • 306 нотариалдык иштер жасалды;
  • 150 айдоочу күбөлүк таризделди;
  • жарандык абалдын актыларын жазуу линиясы аркылуу  арыздар кабыл алынып, 88 документ берилген.

Түшүндүрүү иштеринин алкагында кыргыз диаспора бирикмелеринин активисттеринин катышуусунда 10 иш-чара өткөрүлдү, ишеним телефондору жана социалдык тармактар аркылуу 10182 адамга консультация берилди, чат-бот аркылуу 1315 жаран керектүү маалымат алышты.

2024-жылдын апрель айында Элчилик Канцеляриялар менен бирдикте Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын документтештирүү жана коргоо жаатында 23 445 консулдук кызматтарды жана иш-аракеттерди көрсөттү.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK