Кыргызстандын тигүү жана текстиль тармагындагы 28 ишканасы Москвада өткөн жеңил өнөр жай тармагындагы аутсорсинг боюнча «Bee-Together.ru» 17-Эл аралык бизнес платформасына катышты

386

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин көмөгү менен Кыргызстандын тигүү жана текстиль тармагындагы 28 ишканасы 2024-жылдын 4-5-июнунда Москвада өткөн жеңил өнөр жай тармагындагы аутсорсинг боюнча «Bee-Together.ru» 17-Эл аралык бизнес платформасына катышты.

Көргөзмөнүн 17-сезонуна Россия, Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Беларусь, Армения жана Тажикстандан 158 экспонент катышты. Кыргыз Республикасынын тигүү жана текстиль өнөр жайынын экспортун илгерилетүү үчүн бул бизнес-платформанын маанилүүлүгүн эске алуу менен, Кыргыз тарабы менен Россиянын Мода индустриясынын катышуучуларынын ассоциациясынын (РАФИ) ортосундагы узак мөөнөттүү кызматташуу жана 2024-жылдын күзүндө Бишкекте «Bee-Together.Kyrgyzstan» 2-бизнес-платформасын өткөрүү маселеси каралууда.

Белгилей кетсек, бул «BEE-TOGETHER» иш-чарасы 2024-жылдын 2-5-апрелинде Бишкек шаарында биринчи жолу ийгиликтүү өткөн.

Маалымат үчүн: BEE-TOGETHER.ru – жеңил өнөр жайда контракттык өндүрүш үчүн тармактын эң ири бизнес платформасы. Тигүү жана текстиль тармагындагы ишканаларды потенциалдуу кардарлар - бренддер, чекене сатуучулар, корпоративдик кардарлар жана конструктордук бюролор менен байланыштырган Россиядагы ири долбоорлордун бири. Көргөзмө платформасынын расмий сайты https://bee-together.ru/.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK