Тышкы иштер министрлигинин 2024-жылдын 6-июнундагы маалыматтык билдирүүсү

669

Үстүбүздөгү жылдын 3-июнунда массалык маалымат каражаттарында Москвада атайын аскердик операциянын  катышуучуларын ташуудан баш тарткан кыргызстандык айдоочуга карата  кылмыш иши козголгондугу тууралуу чыккан маалыматка байланыштуу Министрлик төмөнкүлөрдү билдирет.

Аталган жарандын кайрылуусунун негизинде Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги тарабынан арыз ээсине толук консулдук-укуктук жардам көрсөтүлгөн.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги тарабынан Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин дарегине аталган жаранга карата козголгон кылмыш ишин объективдүү жана ар тараптуу кароо өтүнүчү менен расмий Нота жөнөтүлгөн.

Учурда кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу Кыргызстандын жаранына карата кылмыш иши токтотулган.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK